Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү узартылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтүн дагы узартып, 16-сентябрга чейин тергөө абагында калтырды.

Шаирбек Ташиев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

ИИМ Шаирбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп, 1-апрелде кармаган.