Бүгүн абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй облусунда 35…40, Таласта 32…37, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын өрөөнүндө 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 36…41 градус ысык болот.
Абанын табы Бишкекте 37…39, Ош шаарында 38…40, Чолпон-Атада 24…26 градуска чамалап барат.

