Ош облусунун Өзгөн районундагы жол кырсыгынан жубайлар көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 12-июль күнү саат 16:00 чамасында Бишкек — Ош жолунун 595-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл тилкесинде болгон.
52 жаштагы киши башкарган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү машина Өзгөн районунан Манас шаарына бара жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен 28 жаштагы жигит айдап келаткан Honda Fit менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен Daewoo Matiz автокөлүгүнүн айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Анын жубайы алган жаракатынан кийинчерээк көз жумганы маалым болду.

