Курулуш аянттарында тосмолор, жөө жүргүнчүлөрдү коргоочу бастырмалар, сырткы жарык, даяр кирүү жолдору жана техниканын дөңгөлөктөрүн жууй турган жайлар болгон эмес.
«Элемент Стиль» компаниясына 200 миң сом айып салынды. Дагы 17 компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, алардын объекттериндеги иштер талаптар толук аткарылганга чейин токтотулду.

