Жоламан Шаршенбеков Венгриядагы рейтингдик турнирде алтын медаль утту


Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков Венгрияда өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.

Шаршенбеков финалдык беттеште казакстандык Ернур Фидахметов менен күрөшмөк, бирок атаандашы жаракатынан улам килемге чыккан жок.