Бишкекте 82 миң долларлык криптовалюта алдамчылыгына шектүү кармалды


Милициянын маалыматына караганда, жабырлануучу былтыр августта долларын алмаштырып бермек болгон адамдарга USDT криптовалютасын өткөрүп берген. Бирок шектүүлөр убадасына турбай из жашырып кетишкен.

Факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, колго түшүрүлгөн 43 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.