Мамлекеттик салык кызматы жарандар 2026-жылдын 1-сентябрына чейин турак үйлөргө, батирлерге жана жер тилкелеринин айрым түрлөрүнө салык төлөшү керектигин эскертти. Бул талап ишкердик үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жана бакча жер тилкелерине тиешелүү.
Салыкты салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу төлөөгө болот. «Салыктык милдеттенмелер» бөлүмүнөн объектти тандап, эсептелген сумманы текшерип, «Төлөө» баскычын басуу керек. Андан соң система QR-кодду же банктык реквизиттерди автоматтык түрдө түзөт.

