АИ-95 жана андан жогорку сапаттагы бензиндин баасы дагы кымбатташы мүмкүн


Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов бизге билдирди. Анын айтымында, буга чейин премиум класстагы бензин тартыш болуп келген, азыр жетиштүү көлөм бар.

“Бул бензин негизи эле кымбат, анткени дүң баасы ошондой. Биздин компаниялар мунай өндүргөн бардык өлкөлөр менен сүйлөшүп жатат. Бирок натыйжа менен жыйынтыкка жеткени аз болууда”, — деди Эшатов.

Ал белгилегендей, ассоциация баалар боюнча божомолун бере албайт. Бирок АИ-95 жана андан жогорку үлгүдөгү бензиндин баасы рыноктогу кырдаалга жараша аныкталат.

Ал эми АИ-92 бензини менен дизель майдын дүң баасы да өсүп жатканын, бирок мамлекет алардын чекене баасына жогорку чек коюп, май ташыган компанияларга субсидия берип жатканын айтты.