22 тонна нокот өлкөгө киргизилген жок


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Талас башкармалыгы тарабынан «Чоң-Капка автожолу» фитосанитардык текшерүү постунда Россия Федерациясынан импорттолуп келген 22 тонна нокотко фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкөсү, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкөсү тууралуу маалымат көрсөтүлүшү милдеттүү.

Белгиленген талаптардын бузулушуна байланыштуу жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.