Ысык-Көлдө 1-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт


Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 1-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт. Иш-чара маданий салттарды сактоого, аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү коомчулукту колдоого багытталган.

Конокторго алгыр куштар, тайгандар, алабайлар, кыргыз жылкылары, аңчылык олжолору жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көрсөтүлөт. Ошондой эле бүркүтчүлөр, ат үстүндө жаа аткандар жана каскадерлор өнөрүн тартуулап, «Күрөш», «Эр оодарыш», жаа атуу мелдештери, сынактар, фотосессиялар жана концерттик программа уюштурулат.