УКМКда терроризмге каршы аракеттенүү боюнча жыйыны өттү


Кыргыз Республикасынын УКМКнын Төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А. Т. Эрбаевдин жетекчилиги астында түрдүү министерстволордун жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Мекемелер аралык координациялык комиссиянын XVIII жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги ар кандай уюштуруу маселелери, анын ичинде социалдык жана турмуштук маанилүү объекттердин антитеррордук корголушу талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын жана толуктоолорун беришип, алар акыркы чечимдерге эске алынып кошулду.

Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөр үчүн конкреттүү милдеттерди коюу менен комиссиянын тиешелүү чечимдери кабыл алынды жана ар бир мамлекеттик орган үчүн ишмердүүлүктүн негизги багыттары белгиленди.