Бүгүн Нарын, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +29…+34, Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын дубанында +27…+32 градус ысыйт.
Бул күнү Чолпон-Атада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометр Бишкекте +33…+35, Ошто +37…+39, ал эми Чолпон-Атада +24…+26 градусту көрсөтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

