Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы кеңейет


2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Өзбекстан Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Анварджанович Юлдашев жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Айрыкча өсүмдүк өстүрүү, күрүччүлүк, үрөнчүлүк жана картошка өстүрүү тармактарындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо, селекциялык материалдар менен алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызматташтыктын оң динамикасын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстандын селекциясында чыгарылган беденин үрөнүн жана ата мекендик өндүрүштөн алынган сертификатталган үрөндүк картошканы Өзбекстан Республикасына жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары фитосанитардык коопсуздук, чегарага чектеш аймактарда чегирткеге каршы биргелешкен мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын агрардык тармагын минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди узак мөөнөттүү жана үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча келишимдин аракетин кайра жандандырууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар агрардык тармактагы кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого, илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.