29-июлга карата аба ырайы


Бүгүн күн 39 градуска чейин ысыйт, ал эми айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +30…+35, Ысык-Көлдө +25…+30, Нарын дубанында +27…+32 градуска чыгат.
Чолпон-Атада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор каалада +34…+36, Ошто +37…+39, ал эми Чолпон-Атада +25…+27 градусту көрсөтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.