Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда республикага мамлекеттик сапар менен келет.
Мамлекет башчылары бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда.

