Ысык-Көлдө өтө турган суудагы «Формула-1» (F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын алкагында Кыргызстанга Голливуд актёру Жан-Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов Бает айылында өткөн маалымат жыйынында билдирди.
«Учурда жогорку даражалуу коноктордун бири Мадриддеги учакта бара жатат. Биз Жан-Клод Ван Даммды күтүүдөбүз. Белгилүү актёрлорду жана дүйнөгө таанымал адамдарды чакыруу оңой иш эмес, бирок бул багытта иш алып барып жатабыз», — деген ал.

