Мирбек Мияровго 2025-жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси — “Эки жана андан көп аял алуу” менен кылмыш ишин козгогон. Буга мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби Уланова аттуу келиндин арызы себеп болгон.
Келин “Настоящее время” телеканалына курган маегинде Мирбек Мияров менен үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, нике кыйганын, баласы оорулуу экенин билгенден кийин күйөөсү андан баш тартып, каралашпай кеткенин айтып берген.
Экс-губернатор өзү бул боюнча быйыл комментарий берип, Хабиби Уланованын айткандарын “жалган жалаа” деп атаган. Тескерисинче анын “алдамчылык торуна” илинип калганын, баласынан баш тартпай, каралашып келгенин, мыйзамдуу жубайы менен чогуу баланы асырап алуу үчүн сураганда, Хабиби Уланова бербей койгонун айткан.

