Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди


Эмомали Рахмон Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 30-июлда Кыргызстанга келди. Ал Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Азербайжандын президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат.

Иш-чара Чолпон-Ата шаарында өтөт. Эмомали Рахмонду «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.