Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Касым-Жомарт Токаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Азербайжан жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат.

