Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 31-июлда союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту. Мамлекеттик сапардын алкагында тараптар дагы 14 документке кол коюп, алмашышты.
Документтер энергетика, транспорттук ташуулар, кеме жүрүү, киберкоопсуздук, каржы тармагы, статистика жана мунай заттарын жеткирүү багыттарын камтыйт. Ошондой эле Ош менен Гянжа, Чолпон-Ата менен Шуша, Каракол менен Габала шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү каралган.

