Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Орусиядан күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жеткирүүнү кайра жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди.
Ал Ысык-Көлдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын жана Орусиянын жетекчилеринин тапшырмаларынын жана буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында жүргүзүлгөнүн айтты.
«Орусиянын өзүндө белгилүү бир чектөөлөргө карабастан, күйүүчү май жеткирүүнү кайра баштоо боюнча макулдашууга жетиштик. Бүгүнкү күндө алар бизге колдоо көрсөтүп жатышат», — деди Амангелдиев.
Анын айтымында, күйүүчү май башка багыттардан да ташылып келүүдө. Тактап айтканда, Кыргызстан Беларусь жана Кытайдан күйүүчү майдын бир бөлүгүн алып келген.
Данияр Амангелдиев учурда өлкө күйүүчү майдын керектүү көлөмү жана сапаты менен камсыз болгонун белгилеп, жеткирүү маселеси толугу менен көзөмөлдө экенин кошумчалады.

