F1H2O чемпионаты Кыргызстандын туризм тармагын жаңы бийиктикке көтөрөт


F1H2O дүйнөлүк чемпионаты Кыргызстандын туризм тармагына чоң пайда алып келет. Айрыкча Ысык-Көл сыяктуу эл аралык деңгээлде жаңыдан таанылып жаткан туристтик аймак үчүн мындай мелдештин мааниси абдан чоң. Себеби, F1H2O мелдеши дүйнөнүн 180 өлкөсүндө түз эфирде жана спорттук каналдар аркылуу берилет. Мунун натыйжасында Кыргызстан миллиондогон көрүүчүлөргө таанылып, Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы дүйнөлүк аудиторияга көрсөтүлөт. Демек, келечекте Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтердин санын арбытат. Мындан тышкары, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн спортчулар, командалар, журналисттер жана туристтер келип, жалпы көрүүчүлөрдүн саны 25 миңге чейин жетиши күтүлүүдө. Эгерде, биз Ысык-Көлдү атайын маркетинг кампаниялары аркылуу жарнамалай турган болсок мунун наркы миллиондогон долларга тете болмок. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, аны өз пайдабызга иштетип алуубуз абзел.

Эң негизги фактор, бул мелдеш эптеп 2 айга жетип-жетпеген Ысык-Көлдүн туризм сезонун узартып, кереметтүү көлүбүздү бир гана жай мезгилинде эмес, төрт мезгил бою туристтерди өз кучагына тартып, курорттук жайга айлантууга мүмкүнчүлүк түзөт. Соңку жылдары Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2025-жылы өлкөгө болжол менен 10 миллион турист келген. F1H2O сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чаралар бул өсүштү улантууга жардам берет. Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы дүйнөлүк телеканалдарда, интернет платформаларында жана социалдык тармактарда көрсөтүлүп, Кыргызстанды жаңы туристтик багыт катары таанытат. Эл аралык туристтик уюмдардын маалыматы боюнча, дүйнөлүк туризм 2026-жылдын биринчи чейрегинде дагы өсүү тенденциясын сактап калды, бул Кыргызстан үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле, Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүп, өлкөнүн коопсуздугун,  уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн, инфраструктурасынын деңгээлин көтөрүп, бул кийин дагы башка эл аралык спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө негиз боло алат.

Дагы бир маанилүү жагдай, учурда чет элдик инвесторлор акча каражатын коопсуз, өнүгүп жаткан өлкөлөргө жумшоого ынтызар.  F1H2O сыяктуу чоң спорттук иш-чарадан кийин инвесторлордун Кыргызстанга жаңы заманбап  мейманканаларды, көңүл ачуу борборлорун, яхта клубдарын, ресторандарды курууга кызыгуусу пайда болот. Бул туризм индустриясынын узак мөөнөттүү өсүшүнө эбегейсиз чоң шарттарды түзөт.

F1H2O мелдешине келген туристтер мейманканага, тамак-ашка, транспортко жана эс алууга сарптаган каражат мамлекеттин капчыгын толтуруп, жергиликтүү элдин жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болот. Кичи жана орто бизнес өнүгөт. Мындан тышкары, дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы чагылдыруу жана өлкөнүн таанылышы келечектеги туристтердин агымын көбөйтүп, туризмден түшкөн кирешенин өсүшүн жакшыртат.

F1H2O чемпионаты — бул жөн гана спорттук мелдеш эмес. Ал Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын жарнамалаган жана мейманкана, ресторан, транспорт, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарына кошумча киреше алып келген маанилүү экономикалык жана туристтик долбоор болуп эсептелет.