3-августка карата аба ырайы


Дүйшөмбү күнү Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +30…+35, Ысык-Көлдө +28…+33, Нарын регионунда +29…+34 градуска көтөрүлөт.
Чолпон-Атада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт, термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +37…+39, Ошто +37…+39, ал эми Чолпон-Атада +29…+31 градуска жетет.