Ысык-Көлдө өтүп жаткан суудагы Формула-1 (UIM F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын квалификациясынын жыйынтыгында үч жолку дүйнө чемпиону Йонас Андерссон (Team Abu Dhabi) поул-позицияны багындырды. Швециялык спортчу финалдык квалификацияда 48,778 секундалык эң мыкты жыйынтык көрсөтүп, учурдагы дүйнө чемпиону Шон Торрентени (Victory Team) 0,738 секундага артта калтырды.

Алдыңкы үчтүккө ошондой эле Алекс Векстрём кирди. Андан кийинки орундарды Эрик Старк, Грант Траск жана Стефан Аранд ээледи.

Биринчи спринт жарышында Андерссон лидерлигин дагы бир жолу тастыктады. Ал старттан баштап алдыга чыгып, марага чейин биринчи орунду сактап калды. Экинчи болуп анын командалашы Эрик Старк келсе, үчүнчү орунду эки жолку дүйнө чемпиону Сами Селио ээледи.
Экинчи спринт жарышында болсо жеңишти Victory Team командасынын өкүлү Шон Торренте камсыздады. Ал жарышты ишенимдүү баштап, биринчи айлампадан кийин эле үч секунддан ашык артыкчылык жаратып, марага чейин лидерлигин сактап калды.
Бул жарышта экинчи орунду Алекс Векстрём ээледи. Алгач үчүнчү болуп келген Рашед Аль-Кемзи старт эрежесин бузганы үчүн жаза алып, анын ордуна үчүнчү орун Стефан Арандга ыйгарылды.


