Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында эс-учун жоготкон абалда табылган өспүрүмдүн өмүрүнө учурда коркунуч жок. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы туулган Ж.А. 31-июлда Арашан айылындагы Акматов көчөсүнөн эс-учун жоготкон абалда табылып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлер ага алдын ала психотроптук заттан ууланууга шектүү деген диагноз коюшкан. Ал эми текшерүүдө анын денесинен ур-токмоктун же башка зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм окуяга чейин теңтуштары менен тоого барып, кийин абалы начарлап эсин жоготкон. Аны менен чогуу жүргөндөр жардам көрсөтпөстөн кетип калышканы айтылууда.
Учурда өспүрүм эсине келип, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.
Милиция окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле белгисиз заттын келип чыгышын жана өспүрүм менен чогуу болгон адамдардын аракеттерин аныктоо боюнча териштирүүнү улантууда.

