Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды


Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлү кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Омар Султанов 2022-жылдын 31-майынан тартып Кыргызстандын БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлү болуп иштеп келген. Ал эми 2022-жылдын 30-ноябрында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган.

Омар Султанов буга чейин дагы бир катар мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Ал Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеп, Президенттин администрациясын жетектеген, ошондой эле тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.