«Бала ырысы» жөлөкпулдарынын алгачкы төлөмдөрү башталат


4-августтан баштап үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» жаңы айлык жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү башталат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалымат боюнча, мамлекеттик жардамдын өлчөмү бир балага айына 1 миң 200 сомду түзөт. Акча июль айында арыз толтурган ата-энелерге берилет. Акчаны «Элдик Банк» жана «АБанк» аркылуу алууга болот.

Документтерди кабыл алуу 1-июлда башталды. Жарандардын басымдуу бөлүгү «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу арыздарды санарип форматында жөнөтүштү.

Социалдык эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, төлөмдөрдүн жаңы программасынын критерийлерине үч жашка чейинки 440-470 миң бала кирет.