4-августка карата аба ырайы


Бүгүн өлкө аймагында жамгыр төгүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралууда.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Таласта +27…+32, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын регионунда +20…+25 градус болот.
Термометр Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +32…+34, Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.