Таласта мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна ун кармалды


Мамлекеттик салык кызматы «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эсепке алынбаган унду алып кирүү аракетин аныктады. Төрт жүк ташуучу унааны текшерүүдө документтердеги маалымат менен товардын иш жүзүндөгү көлөмү дал келбегени белгилүү болду.

Натыйжада болжолдуу баасы 800 миң сом болгон 20 тонна ун эсепке алынбаганы аныкталды. Жүк ташуучу унаалар айып короосуна киргизилип, мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.