Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда тарап жаткан видеого байланыштуу комментарий берип, анда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Анын айтымында, видеодо чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагындагы айрым объектилерди курал менен кайтарып жатат деген билдирүүлөр жалган маалымат болуп саналат.
«Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же аскердик түзүмдөрү жок. Мындай көрүнүш мыйзамдарга да каршы келет жана болушу мүмкүн эмес», — деп белгиледи ал.
Алагөзовдун айтымында, өлкөдөгү кен казуу жана башка ири биргелешкен долбоорлордун коопсуздугун ички иштер органдарынын кызматкерлери же лицензиясы бар жеке күзөт кызматтары камсыздайт.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында кабыл алган эл аралык милдеттенмелерине ылайык, Кант шаарындагы Россиянын бирдиктүү аскердик объектиси гана иш алып барып жатканын эске салды.
Президенттин басма сөз катчысы видеонун автору катары аталган Айдарбек Раев 2024-жылы АКШнын жарандыгын алганын айтып, анын билдирүүлөрү чындыкка негизделбегенин белгиледи.
«Коомдо дүрбөлөң жаратууга багытталган жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырам. Такталбаган маалыматтарды ишенимдүү булактар аркылуу текшерип, андан кийин гана жыйынтык чыгаруу маанилүү», — деп кайрылды Аскат Алагөзов.

