Баткен шаарында көп балалуу 9 энеге мамлекеттик сыйлыктар берилди


Баткен шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземинде шаар мэри Сейтек Кулубаев энелерди куттуктап, алардын үй-бүлө жана коом алдындагы эмгеги жогору бааланарын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 энеге «Баатыр эне» ордени, 5 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды.

Маалыматка ылайык, учурда Баткен шаарында 331 «Баатыр эне» орденинин жана 181 «Эне даңкы» медалынын ээси бар.