Өзбекстандан келген 24 тоннадан ашык пияз өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды


«Достук» фитосанитардык көзөмөл пунктунда Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 24 тонна 770 кг жаңы пияз токтотулду. Текшерүүдө таңгакта ЕАЭБ талаптарына ылайык милдеттүү маркировка жок экени аныкталды.

Жүктү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынып, пияз Өзбекстанга кайра кайтарылды. Айыл чарба министрлиги фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте улана турганын билдирди.