1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар олуттуу жогорулайт — Адылбек Касымалиев


1-октябрдан тарта Кыргызстанда эң төмөнкү пенсия 7 100 сомдон 8 800 сомго чейин жогорулайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Пенсия 1 700 сомго көбөйөт. Буга чейин төлөмдөр жыл сайын орточо эсеп менен 500 сомго жогорулатылып келген. Касымалиевдин айтымында, Социалдык фонддун бюджети төлөмдөрдү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.