Ысык-Көл, 6-август. VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Ысык-Көлдө ири көргөзмө-ярмарка уюштурулуп, анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана өнөр жай потенциалы кеңири тааныштырылып жатат. Иш-чарага Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган жоон топ делегация келген.


Көргөзмө-ярмаркада Кыргызстандын:
· Айыл чарба жана өнөр жай техникасы – атайын техникалар, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын аймагында чыгарылган унаалар ;
· Табигый экологиялык азыктар – жергиликтүү таза продукциялар;
· Салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары – улуттук кол өнөрчүлүк жана жеңил өнөр жай буюмдары .
Көргөзмө эки өлкөнүн ишкерлерине түз байланыш орнотууга, биргелешкен долбоорлорду талкуулоого жана товарлардын сапаты менен ассортименти менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Форумдун ролу
Катышуучуларга Президент Садыр Жапаров видеокайрылуу жасап, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүсү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 миллиард долларга жакындаганын билдирди . Ошондой эле Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен 1 800дөн ашуун компания иштеп жатканын белгиледи .
Алексей Оверчук өз сөзүндө Россия Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 27,1% түзөрүн, 2026-жылдын беш айындагы соода жүгүртүү 2,5 млрд доллардан ашканын билдирди.
Ошондой эле РФ Президенти Владимир Путин да катышуучуларга видеокайрылуу жолдоп, иш-чаранын эки өлкө ортосундагы мамилелериндеги орчундуу ролун баса белгилеген.

