Сот Куванычбек Конгантиевге 500 миң сом айып салды


УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жер тилкелерин берүүдө орун алган коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Тергөөдө аныкталгандай, К. Конгантиев Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган учурда кызматтык ыйгарым укуктарын өзүнүн жана ага байланыштуу адамдардын кызыкчылыгына пайдаланып, өзүнө жакын адамдарга жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына демилге көтөргөн.

Тергөө учурунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнга алып, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу түзгөн, тергөөгө активдүү көмөк көрсөтүп, ошондой эле мамлекеттин менчигине «Роял Констракшн» компаниясы куруп жаткан турак жай жана коммерциялык багыттагы объектилерден жалпы аянты 6500 чарчы метр болгон, базар баасы 15 миллион АКШ долларына (КР Улуттук банкынын курсу боюнча – 1 миллиард 311 миллион 750 миң сом) барабар кыймылсыз мүлктү ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 15-июлундагы өкүмү менен К. Конгантиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин кирешесине 500 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө өкүм кылынды.