Бүгүн, 7-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Ысык-Көл «эл аралык аэропортунда Ариповду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Эске салсак, 6-7-августта Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтүп жатат

