Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдө өткөн F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин суунун сапаты начарлабаганын жана экологиялык мыйзам бузуулар аныкталбаганын билдирди. Адистер мелдеш өткөн акваторияны жана техникалык тейлөө аймактарын текшерип, күйүүчү-майлоочу материалдардын төгүлүшүн же жээктин булганышын катташкан эмес.
Мелдешке чейин жана андан кийин алынган суу үлгүлөрүнө мунайзаттарынын жана эритилген кычкылтектин курамы боюнча анализ жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында булгоочу заттардын деңгээли белгиленген ченемдерден ашпаганы аныкталды. Мелдеш 31-июлдан 2-августка чейин Бает айылында өткөн.

