Бишкекте автобуста эки аял мушташты


Бишкекте милиция эки автобус жүргүнчүсүнүн ортосундагы чыр-чатактан кийин текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя Жибек Жолу жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 102 кызматына автобустун салонунда эки аялдын ортосунда мушташ болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

1963 жана 1992-жылы туулган эки аял милицияга жеткирилди. Аялдардын бирине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Анын жыйынтыгы алынгандан жана алдын ала текшерүү аяктагандан кийин процессуалдык чечим кабыл алынат.