Ошто «талаа күнү» белгиленди


Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында «Алем Агро Кейджи» ЖЧКсы тарабынан жүгөрү өстүрүүнүн заманбап технологияларына арналган «Талаа күнү» өткөрүлдү.
Иш-чарада «Пионер» гибриддик жүгөрүсүн өстүрүү, жогорку түшүм алуу, отоо чөптөргө, илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмалары көрсөтүлдү.
Ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоодо биологиялык ыкмаларды, анын ичинде энтомофагдарды колдонуу боюнча маалымат берилди. Иш-чара фермерлердин заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө жана экологиялык коопсуз айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталды.