Үч-Коргон ГЭСин жаңыртуу иштери быйыл аяктайт


Реконструкция аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 18 МВтка көбөйүп, 198 МВттан 216 МВтка жетет. Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттар жаңыртылууда, иштер бүткөн соң ГЭСтин төрт агрегаты тең толугу менен модернизацияланат.

Иштер 2024-жылы башталган. Буга чейин №3 жана №4 гидроагрегаттар жаңыртылып, ар биринин кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлгөн. Үч-Коргон ГЭСи 1961–1962-жылдары ишке берилген жана бул станция иштей баштагандан берки алгачкы модернизация болуп саналат.