Кара-Сууда энергокомпаниянын кызматкери опузалоого шектелип кармалды


Кара-Суу районунда электр тармактарынын кызматкери кармалды, ал маселени чечүү үчүн 12 миң сом талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 4-августта Кара-Суу районунун 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мамлекеттик мекеменин кызматкери андан акча талап кылып, маселени оң жагына чечерин убада кылган.

Милиция Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, шектүүнү аныктады. Ал Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын Беш-Мойнок участкасынын 31 жаштагы жетекчи адиси болуп чыкты.

10-августта Ош шаарында кармалды. Тинтүү учурунда анын жанынан арыз берүүчүдөн талап кылган 12 миң сому алынды.

Адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. «Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда.