Кыргызстандын Корумду чокусунун аймагынан дайынсыз жоголгон үч чет элдик альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөлөрү социалдык тармактарда билдиришти.
«16-августта эртең менен тоо боорун дрон менен учуп текшерүү учурунда кар-таш аралаш массасы көчкөн жер тартылып алынган. Тасмаларды карап чыгууда буга чейин табылган буюмдардын жанынан адамдардын сөөгү байкалган. Жогорку ыктымалдуулук менен бул ошол топтун мүчөлөрү. Биз сөзүбүздө так болушубуз керек. Алардын ким экенин акыркы так аныктоо сөөктөр түшүрүлгөндөн кийин гана мүмкүн болот.
Тоонун боорунан табылган буюмдардын баарын бириктирип турган аркан бар: балдар бир арканга байланып, чогуу бара жатышкан. Ушул күндөрү биз тоонун ылдый жагынан үчөөнө тең тиешелүү буюмдарды таптык. Бул топ бөлүнбөгөнүн, кырсык болгон учурда үчөө тең чогуу болгонун жана азыр да бир жерде экенин билдирет. Алардын эч кимиси тоонун боорунда жалгыз калган эмес.
Жогору жакта, кыркада болжол менен 5400 метр бийиктикте кардын жана таштын жаңы үзүлүп түшкөн жери көрүнөт. Биз буга чейин табылган буюмдарга таянып түзгөн кулап түшүү багыттарынын бардык эсептелген сызыктары дал ошол жерге барып кошулат. Ал жерден ылдый карай бүгүн сөөктөр табылган жерге чейин из түшүп турат. Ал жерде так эмне болгонун биз билбейбиз жана божомол кылбайбыз: кырсыктын жагдайлары аныкталууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Жакынкы убакта сөөктөрдү тоодон түшүрүү операциясы кандай тартипте жүргүзүлөрү белгилүү болот.
«Бул жер кар жана таштар түшүү коркунучу бар аймакта жайгашкан. Ошондуктан ал жакка адамдарды жөнөтүүдөн мурда бардык тобокелдиктер кылдат бааланууга тийиш. Куткаруучулардын коопсуздугу — мындан аркы иштерди жүргүзүүнүн негизги шарты. Чечим кабыл алынары менен бул тууралуу маалымат беребиз», — деп айтылат билдирүүдө.
Үч чет элдик альпинисттин дайынсыз жоголгону август айынын башында белгилүү болгон.
Беларусь жарандары Максим Полянский жана Николай Свиридов, ошондой эле Литванын жараны Сергей Рубцов Кыргызстандын, Кытайдын жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен жерде жайгашкан, бийиктиги 6614 метр болгон Корумду чокусуна чыгууну пландашкан.
20-июлда алар Ош шаарына учуп келишкен. Андан соң Кызыл-Суу дарыясынын капчыгайындагы маршруттун баштапкы чекитине жетишкен. 27–28-июлда топ биринчи лагерден чыгып, өздөрүнүн координаттарын билдиришкен.
1-августта үчөө тең Корумду чокусуна түндүк кырка аркылуу чыгышкан.
Альпинисттер менен акыркы байланыш 2-августта болгон. Ошол учурда алар маршрутту аяктоону пландап жатышканын жана 4-августта саат 10:00дө жолго чыгууга даяр болорун билдиришкен.
4 жана 5-августта айдоочу алдын ала белгиленген жолугушуу жерине эки жолу барган. Бирок альпинисттер ал жерге келишкен эмес. Андан кийин издөө-куткаруу иштери башталган.

