Ош шаарында жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-августта 102 кызматына аял телефон чалып, жарандык күйөөсү өз жанын кыйганын билдирген.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барган.
1985-жылы туулган аял милиция кызматкерлерине анын 1989-жылы туулган жарандык күйөөсү мас абалында «жашоодон чарчадым» деп айтып, ашкана бычагын алып, өзүнүн моюнуна бир нече жолу сайганын билдирген.
Эркек алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

