Окуучулардын каникулдарынын графиги жарыяланды


Билим берүү министрлиги 2026/2027-окуу жылындагы мектеп каникулдарынын графигин жарыялады:

▪️ Күзгү каникул — 11–15-ноябрь, 5 күн. Сабактар 16-ноябрда башталат.

▪️ Кышкы каникул — 1–10-январь, 10 күн. Окуу 11-январда уланат.

▪️ Жазгы каникул — 3–8-март, 6 күн. Сабактар 9-мартта башталат.

▪️ Май айындагы каникул — 1–9-май, 9 күн. Окуучулар 10-майда кайрадан сабакка киришет.

Бонус: 1-класстын окуучуларына кошумча эки жума, 2-класстын окуучуларына бир жума эс алуу берилет.

Окуу жылы 15-сентябрда башталып, акыркы коңгуроо 25-майда кагылат.