Ат-Башы районундагы Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактарында тазалык иштери жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагында иштеген жарандар катышты.
Тазалоо иштери Көл-Суу көлүнүн жээгинин санитардык абалын жакшыртуу жана жаратылышты таза сактоо максатында уюштурулду. Жергиликтүү тургундардын жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катышуусу менен аймактагы таштандылар чогултулду.
Буга чейин социалдык тармактарда Көл-Суудагы таштандылар тууралуу маалыматтар тараган. Адистердин маалыматына караганда, акыркы күндөрү жааган жаандан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, таштандылар аймакка сүрүлүп келген.

