17-августтан 22-августка чейин Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун алтынчы туру өтөт. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына караганда, тандоо ЖРТнын жыйынтыгы жана негизги жалпы билим тууралуу аттестаттын орточо баллы боюнча жүргүзүлөт.
• 17–19-август — каттоо
• 19-август, саат 14:00 — каттоо аяктайт
• 20-август, саат 10:00 — окууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жарыяланат
• 20–22-август, саат 16:00гө чейин — окуу жайын тандоону ырастоо

