“75чилердин иши” боюнча соттук отурум жылдырылды


Бишкек шаардык сотунда “75чилердин каты” деп таанылган иш боюнча бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум шектүүлөрдүн бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты келбей калгандыктан 24-августка жылдырылды.

Маалым болгондой, иште айыпталган саясатчылардын адвокаттары Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү жокко чыгарууну эле эмес ишти тергеген тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана райондук соттун судьясы Азирет Медеровго мыйзам бузуулар үчүн чара көрүү өтүнүчүн берген.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган болчу. Сот айыпталуучулдардын баарына үч жылдык пробация берген.