АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон жанжалдан кийин «эгер Американын кийлигишүүсү болсо, Зеленский тынчтыкка даяр эмес экенин» айтты.
Сүйлөшүүлөрдүн ачык бөлүгүнөн кийин эки өлкөнүн лидерлеринин маалымат жыйыны өтүшү керек болчу, бирок Овал кабинетиндеги жаңжалдан кийин ал токтотулган.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Зеленский Ак үйдөн шашылыш чыгып кеткен.
Трамп Зеленский менен жолугушуусунан кийин Truth Social басылмасына чукул билдирүү жарыялады.
«Бүгүн биз Ак үйдө абдан маанилүү жолугушуу өткөрдүк. Мындай от менен басымдын астында сүйлөшпөсөк, эч качан түшүнө албай турган көп нерселерди үйрөндүк. Эмоциялардан чыккан нерсе таң калыштуу жана мен президент Зеленский Америка аралашса, тынчтыкка даяр эмес деген тыянакка келдим, анткени ал биздин катышуубуз сүйлөшүүлөрдө ага чоң артыкчылык берет деп эсептейт. Мен артыкчылыкты эмес, тынчтыкты каалайм. Ал өзүнүн Овал кеңсесинде Америка Кошмо Штаттарын сыйлабагандыгын көрсөттүү. Тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алар»”, — деп жазды Трамп

