VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова эки уулу менен Кырчын жайлоосуна барып, анда өтүп жаткан иш-чаралар менен таанышууда.
Кабарчыбыз жеринен билдиргендей, алгач биринчи айым этнобазарга барып, улуттук тамак-аштардан даам татып, андан соң Кырчын жайлоосундагы башка маданий жана этнографиялык объектилерди кыдырды.
Айгүл Жапарованы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев коштоп, Кырчында уюштурулган иш-чаралар жана атайын даярдалган этномаданий жайлар тууралуу маалымат берүүдө.

