Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бышты жорго жарышы башталды. Жарыш 6 миң метр аралыкка өтүүдө.
Күйөрмандар чабандестерди кызуу колдоп, жарыштын жүрүшүнө көз салып, эмоцияларын ачык билдирүүдө. Көрүүчүлөр финишти чыдамсыздык менен күтүп, өздөрү колдогон күлүк жеңишке жетет деген үмүттө.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

